Бишкекте кышкы жылытуу мезгилине көмүр даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, көмүр камдоо июль айында башталган.
Мэриядан белгилешкендей, Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат. Ленин районунун аймагында болсо 7 көмүр базасы иштейт.
Ошондой эле жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат. Муниципалдык администрациялардын кызматкерлери райондордун, үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары жана «Түндүк электрдин», Батыш РЭСтин өкүлдөрү менен биргеликте райондун жашоочулары менен көмүрдү өз убагында камдоо, электр энергиясын тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу, жаратылыш газына кошулуу жана жылытуунун альтернативдүү булактарына өтүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселелери тууралуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.