11-14-август күндөрү Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.
Иш-чара Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата болмокчу.
11-августта маданият күндөрүнүн ачылышында Будапештте музыка борборунда чоң концерт өткөрүү пландалып жатат. Концертке белгилүү ырчы, музыканттар, «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, манасчылар катышып, мода көргөзмөсү уюштурулат.
Ошондой эле маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз сурөтчүлөрүнүн жана көркөм кол өнөрчүлүк чеберлеринин эмгектеринин жарманкеси болот.