Жаңылыктар
Өлкө аймагында кылмыштардын саны дээрлик 30 пайызга кыскарды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында кылмыштардын саны дээрлик 30 пайызга кыскарды

Кыргызстанда ушул жылдын алты айында оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны дээрлик 30 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянып билдирди

2022-жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 23,3 миң кылмыш катталып, алардын саны былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 0,7 пайызга азайган.

Кылмыштардын негизги бөлүгүн же 73 пайыздан ашыгын менчикке каршы мыйзам бузуулар түзгөн. Калган кылмыштар көбүнесе уурулук, тоноо, опузалоо жана алдамчылык фактылары боюнча катталган.

"Оор кылмыштар тууралуу айта турган болсок, денеге оор залал келтирүү 4,4 пайызга, адам өлтүрүү 2,1 пайызга азайган", — деп айтылат маалыматта.