«Бишкек жашылчарба» муниципалдык ишканасы курулуп жаткан билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Алтын-Ордо жаңы конушундагы мектептин жана Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Алтын-Ордо конушундагы мектептин аймагына көчөттөрдү отургузуу үчүн жер түздөлүп, топурак түшүрүлө баштады, жакында бул жерде арча, гибискус, липа жана башка көптөгөн бак-дарактар өстүрүлөт.
Ал эми №10 мектептин аймагында ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ийне жалбырактуу жана бадалдуу өсүмдүктөрдү отургузуу иштери башталганы турат.