Бүгүн Ош шаарынын бир катар райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык убактылуу болбойт.
Алсак, Черемушки, Ак-Тилек кичи райондорунда, Моминов, Амир-Тимур, Абдувалиев, Мирзаев, Юбилейная, Закиров, Абдыкадыров, Пролетарская, Пахта Абад, Тоголок Молдо, Курчатов, Молдо Нияз, Санкт-Петербург, Степная, Алиев, Навои, Масалиев, Монуев көчөлөрүндө, Дыйкан Кыштак участкаларында электр жарыгы убактылуу берилбейт.
Мындай өчүрүүлөр электр шаймандарын оңдоп түзөөгө байланыштуу болууда.