Бийлик өкүлдөрүнүн жер-жерлердеги жолугушууларында жүздөгөн жарандар менен байланыш түзүлдү. Элеттеги маселелерди да, жеке көйгөйлөрүн да айтып кайрылгандар бар. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары менен Башкы прокурор бул ирет Сокулук жана Москва райондорунун тургундары менен жолугушту.
Көйгөйлүү маселелердин чечилишин жогорку бийлик өкүлдөрүнөн үмүт кылып, жолугушууга таң эрте келгендер көп. Залга толгон эл ар түрдүү маселелер менен кайрылышты. Социалдык көйгөйлөрдү чечүү өтүнүчү менен жана акыйкаттыкты издеп кайрылган жарандар Москва районунда да көп болду.