Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин калк менен жолугушуусу болуп өттү.
Белгилесек, жолугушууларга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, ошондой эле тармактык министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү катышууда.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар акысыз юридикалык жардамга кайрылып, тийиштүү консультацияларды алууга мүмкүнчүлүк алат.
Эки райондун тургундары социалдык-экономикалык көйгөйлөргө токтолуп, бала бакчаларды куруу, ооруканаларды, спорт аянтчаларын оңдоо, калкты ичүүчү таза суу, жер ресурстары менен камсыз кылуу зарылдыгын айтышты. Мындан тышкары, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуулар болду.