Жаңылыктар
Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу 4-августта башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу 4-августта башталат

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу 4-августта башталат. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди бере алат. 

Ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы. Паспорт, инсандын күбөлүгү. Кыргызстандын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишкендигинин орточо упайы менен транскриптти тиркөө менен бакалавр адис же магистр диплому. Программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ: адистигин, курсун, ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты. 

Ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат. 

Жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар. 

Эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама менен чыгып сүйлөө аркылуу. 

Документтерди онлайн кабыл алуу 3-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин кагаз түрүндө министрликтин 3-кабатында жайгашкан 311-бөлмөсүнө тапшыруу керек. Аталган окуу жайдагы жылдык стипендиянын көлөмү 50 миң доллардан ашпоого тийиш.