Жаңылыктар
Бишкекте курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту. 

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты. Өз кезегинде, элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнүнүн фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Мэр шаардык муниципалитет мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп, борбор калаада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бураарын белгиледи. 

Кошумчалай кетсек, борбор калаанын мэри Бишкек шаарындагы курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушун киргизди.