Жаңылыктар
Талант Мамытов Татарстан жана Башкортостандан келген ишкерлер менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Татарстан жана Башкортостандан келген ишкерлер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Татарстандын Соода-өнөр жай палатасы бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов менен жолугушту. 

Кыргызстан менен Россия жана анын субъектилери ортосунда экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланып, бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун зарылчылыгы көтөрүлдү. Төрага тарыхый байланышы терең, боордош республикалар менен экономикалык кызматташтыкты арттыруу артыкчылыкка ээ экенин белгиледи. 

“2021-жылы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 58 млн долларга жетсе, Башкортостан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 39 млн доллар болгон. Ал эми быйылкы жыл башындагы көрсөткүчтөр былтыркыга салыштырмалуу өтө жакшы. Бул албетте чек эмес, экономикалык багытта мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң. Андыктан ишкерлер ортосунда байланышты арттырып, энергетика, туризм, IT технология, машина куруу өңдүү тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет”, - деди. 

Муну менен катар 2011-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөнүн айткан Талант Мамытов анда бизнес коомчулуктун катышуусу менен ишкерчиликке тиешелүү көйгөйлөр каралып, мыйзамдык базаны чыңдоо маселелери талкууланарын кошумчалады.