Бюджеттин эсебинен насыя берүүнүн жаңы жобосу бекитилди. Ага ылайык ишкерликке жаңыдан кадам таштаган жарандарга жеңилдик берилет. Мындан сырткары социалдык насыянын да үстөк пайызы төмөндөтүлөт.
Республикалык бюджеттен ар тармактарды насыялоо үчүн атайын каражат бөлүнүп келатат. Эми аны алуунун шарттары жөнөкөйлөштүрүлүп, төлөө шарттары да жеңилдетилет. Эрежелер Министрлер Кабинети бекиткен жаңы жободо көрсөтүлдү.
Мындан сырткары лизингдик операцияларды жүргүзүүнүн тартиби жөнгө салынат. Мисалы мурда ишкерликке жаңы кадам таштаган жарандарга анча ишеним көрсөтүлбөй келсе, эми аларга тоскоолдуксуз насыя берилет.
Узак жылдардан бери өлкө казынасынан бериле турган насыяларга байланыштуу ар кандай күмөн саноолор болуп келген. Каражатты алууда жаралган көйгөйлөрдү көпчүлүк жасалма тоскоолдуктар деп эсептейт.
Финансы министрлиги быйыл жарым жыл ичинде ар тармактарга 6 миллиард 150 миллион сом насыя катары берилгенин билдирүүдө.