Бүгүнтөн тарта Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташуу иштери башталды. Даяр кара алтын өлкөнүн түндүк аймагына жөнөтүлүүдө.
Компания көмүрдүн кенден чыккан өзүнүн баасы 1 миң 450 сом экенин билдирди. Аталган баа Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан коюлган.
Учурда "Кыргыз көмүрдүн" кызматкерлери элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат.