Жаңылыктар
Чоң-Арык- «Ала-Арча» жаратылыш паркынын жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Арык- «Ала-Арча» жаратылыш паркынын жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат

Быйыл мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууга бел байлап, туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы унаа жолдор транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. 

Ал ортодо туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, туристтер көп бара турган аймактарды жакшыртуу жагы колго алынган. Алардын бири Чүй боорундагы Чоң-Арык - «Ала-Арча» жаратылыш паркынын жолун оңдоо иштери жүрүп жатат.