Жаңылыктар
Аскер-деңиз флотунун күнү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Аскер-деңиз флотунун күнү белгиленди

Бишкекте Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата жыйын-реквием өттү. 

Иш-чарада "СССРдин Аскер-деңиз флотунун кыргызстандык аскер моряктары" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү "Ала-Арча" көрүстөнүнө барып, Борбор Азия чөлкөмүнөн чыккан жападан жалгыз вице-адмирал Марат Темировдун эстелигине гүл коюп, куран окушту. Андан соң салтка айланган Аскер-деңиз флотунун туусу көтөрүлдү. 

Мындан тышкары, Жеңиш аянтындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигине да гүлчамбар коюу жөрөлгөсү аткарылды. 

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 7 миңге жакын кыргызстандык согуштук кемелерде, суу астындагы атомдук жана дизелдик катерлерде, Балтика, Тынч океан, Түндүк жана Кара деңиз флотторунун деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Аскер-деңиз флотунун күнү жыл сайын июлдун акыркы жекшембисинде белгиленет.