Жаңылыктар
Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 43 айдоочу кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте бир жумада мас абалында унаа башкарган 43 айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын аймагында 22нен 28-июлга чейинки аралыкта 4 миң 223 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 43 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалса, 4 айдоочу терезесин караңгылатып алган. 31 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отурса, 667си жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар. 

Коопсуздук куру жок унаа башкарган 813 факт катталды. Башка эреже бузуулар - 2 миң 216. Ар кандай эреже бузган 448 автоунаа айып короосуна токтотулган.