Эки баланы тарбиялаган Элиза Абдыкадырова жашоонун сыноосуна кабылган. Жалгыз бой эне ден соолугуна байланыштуу туруктуу иштеген иши, киреше булагы жок. Учурда жалгыз бой эне материалдык шартка байланыштуу жакын тааныштарынын көмөгү менен батирде жашайт. Ал үч жылдан ашык убакыттан бери балдарына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун ала баштаган, ал эми ушул жылдын июнь айынан тарта төлөмдүн көлөмү 50 пайызга көбөйдү. Мындай колдоо бул үй-бүлөгө олуттуу жардам болуп калды.