Жаңылыктар
“Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт”,- Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
“Биздин тышкы саясатыбыз көп векторлуу багытынан тайбайт”,- Жапаров

Өлкөнүн тышкы саясаты көп векторлуу багытынан тайбайт. Эгемен Кыргызстан Американын, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен өз ара урматтоонун негизинде кеңири кызматташууга умтулат. Стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо - тышкы саясаттын приоритети.