Ош - Улуу Жибек Жолунун провайдери катары ТҮРКСОЙ өлкөлөрүнө көрсөтүлөт. Бул туурасында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушкан учурда айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын октябрь айында, Түрк тилдүү мамлекеттерди камтыган ЮНЕСКОнун Улуттук комиссия башчыларынын форумун өткөрүү маселесин талкуулашты. Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты - Улуу Жибек Жолунун провайдери болгон Ош шаарынын туристтик потенциалын кеңири жайылтуу болуп жатат.Жолугушуунун жүрүшүндө форумдун уюштуруучулук аспектилери талкууланып, анын алкагында Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн комплекстүү бет ачары, Ош шаарында жашаган элдердин жана этностордун маданиятынын байлыгын, каада-салттарын, жашоо образын жана тарыхый баалуулуктарын көрсөтүү үчүн масштабдуу этномаданий иш-чаралар, анын ичинде түрк тилдүү мамлекеттердин медиа өкүлдөрү жана блогерлери үчүн медиа турлар уюштурула турганы айтылды.