Мугалимдердин социалдык турмушун жакшыртуу үчүн колдон келген бардык чараларды колдонобуз. Агартуу тармагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары кала берет.
Мындай пикирин өлкө башчысы Садыр Жапаров эмгек өргүүсү учурунда Ысык-Көлгө барып эс алып жүргөн мугалимдер менен жолугушкан учурунда айтты. Президент Сары-Ой айылындагы мугалимдердин “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору менен таанышкан учурунда эс алуудагы мугалимдердин ал-жайын сурап, кабар алды. Анда мамлекет башчы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, агартуучулардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасалып жатканын белгиледи.