Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 28-июлда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаардык Ленин райондук ИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты жана кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери болгон милициянын капитаны кармалды.
УКМК тарабынан аныкталган факты боюнча, тергөөчү тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жарандан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында акча алып жаткан учурунда кармалган тергөөчү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.