Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Ак-Талаа районуна барган иш сапары учурунда "Жаман-Даван" суу сактагычы жана плотинасы курула турган аймак менен таанышты.
Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеев белгилегендей, “Жаман-Даван” суу сактагычы курулса, Ак-Талаа районундагы 2 миң гектар аянт сугат суу менен камсыздалып, 3 миң гектар аянтка суу берүү жакшыртылат.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Суу чарба башкармалыгынын башчысына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тапшырды.
Белгилей кетсек, долбоордун жалпы суммасы 700-800 млн сомду түзөт.