Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында 21 гектар аянттагы жер тилкеси дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жери категориясына которулду.
Мындай чечим Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн кезектеги жыйында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Чечимге ылайык, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуусу тапшырылды.