Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы курулуштардан кабар алды.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июлда мэр Маяковский көчөсүнүн 215 метр аралыгына асфальт төшөө, Кыргыз Республикасы көчөсүнүн эки тарабына тротуар жана темир бетон арык куруу, Ленин көчөсүндө жайгашкан автобекеттин маңдайына тротуар куруу жана Бакирова көчөсүн кеңейтүү жумуштарынан кабар алып, жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.