Жаңылыктар
Балыкчыда ун чыгарган завод ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда ун чыгарган завод ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ун чыгаруучу ишкана салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. 

Анын айтымында, аталган ишкана Ысык-Көл облусун ун менен камсыздайт. Ошондой эле жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү. 

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1чи жана 2-сорттогу ун чыгарылат.