Жаңылыктар
Жасалма диплому аныкталган дарыгер УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган
Кыргызстан жаңылыктары
Жасалма диплому аныкталган дарыгер УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Кочкор-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун дарыгери УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалды. 

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, дарыгер 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылганда колго түштү. 

Кармалган адам Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жүргөн. Ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган. Бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган. 

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген. 

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды. Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.