Жаңылыктар
"Ош ТВ" каналы мэриянын менчигине өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Ош ТВ" каналы мэриянын менчигине өттү

“Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун 100% мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилесек, Жалал-Абад шаардык сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык, “Ош ТВ” телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.