«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча Кыргызстандын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.
Белгилесек, «40 райондон – 40 демилге» инновациялык демилгелерди тандоо долбоору министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен иштелип чыккан.
Долбоор өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган.
«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат.
Долбоордун алкагында иштелип чыккан 8 инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат деп болжолдонууда.
Буга катар тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 млн сомго чейин акча каражатын республикалык бюдлжеттен бөлүү чечими кабыл алынды.