Жаңылыктар
Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы старт алды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы старт алды

Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалынын XVI айлампасы старт алды. Анда Борбор Азиянын төрт өлкөсүнөн келген кол өнөрчү уз-чеберлер, зергерлер жана усталар катышууда. 

Фестиваль Тарых музейинин алдындагы аянтчада өтүп жатат. Анда кол өнөрчү чеберлердин эмгеги эл алдына коюлуп, кызыккандар үчүн өзгөчө буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 

Иш-чара маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандырып, кол өнөрчүлүк рыногун жана креативдүү индустрияны өнүктүрүү максаттарынын алкагында уюштурулуп жатат. 

Ошондой эле фестиваль Кыргызстанды экологиялык таза маданияттын эл аралык аймагына айландырууну көздөйт деп билдирди, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов.