Жаңылыктар
Нарында сафлор өсүмдүгүнүн аянты кеңеет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында сафлор өсүмдүгүнүн аянты кеңеет

Нарында сафлор өсүмдүгү өстүрүлүүдө. Бул туурасында Ак-Талаа районунун эли менен жолугушууда Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов билдирип, быйыл өсүмдүк 400 гектар аянтка эгилгенин белгиледи. 

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн белгилешкендей, Эргешов өсүмдүк текши гүлдөп, жакшы өсүп жатканын, өсүмдүктөн май алуу үчүн Теңир Тоо өнүктүрүү фондунан каражат алынып, завод коюлуп берилет. 

Ошондой эле жыл сайын өсүмдүктүн аянтын 1 миң гектарга чейин көбөйтүү колго алынарын, ушуга окшогон чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү долбоорлоруна көңүл буруларын айтты. Болжол менен сафлор өскөн аянттан 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 литрден ашык май чыгарса болот.