Жаңылыктар
Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөөлөр кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөөлөр кирет

Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөөлөр кирет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 29-июлдан 7-августка чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Таңкы саат 4:00дөн 6:00гө чейин, 08:00дөн 10:00гө чейин, 12:00дөн 14:00гө чейин чектөө киргизилет. Калган убакттарда каттам толугу менен ачык болот.

“Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери жүргүү зарыл”, - деп айтылат маалыматта.