Жаңылыктар
Бишкекте темир жолго уктап калган кишини куткарган инспекторлор сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте темир жолго уктап калган кишини куткарган инспекторлор сыйланды

Бишкекте темир жолго уктап калган кишини куткарган инспекторлор сыйланды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сыйлыкты башкармалыктын атынан Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын начальниги Алмазбек Исаков тапшырып, мындай жакшы көрүнүш кыргыз милициясынын кадыр-баркынын өсүшүнө жакшы өбөлгө түзүп, жаш кызматкерлерге үлгү болорун белгиледи. 

Мындан ары да кызматтык ийгиликтерге жетишине тилектеш экендигин билдирди. 

Эскерте кетсек, 24-июлда патрулдук милиция поезд келе жаткан учурда темир жолго уктап калган кишини куткарып, кырсыктан сактап калган.