Жаңылыктар
Бишкектин көчөлөрү көркүнө чыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин көчөлөрү көркүнө чыгууда

Бишкекте жолдор, тротуарлар оңдолуп, көчөнүн көркүн чыгарган бордюрлар орнотулууда. 

Бүгүнкү күндө Свердлов районунун аймагындагы Карский тилкесинде Артемов көчөсүнөн Заречная көчөсүнө чейинки аралыктагы жолдун капиталдык оңдоо иштери аяктады. 

Ал эми Фирсов көчөсүн бойлото Орто-Токой көчөсүнөн Новострой көчөсүнө чейинки жолго бордюр орнотуу жана жолду асфальттоого негиз даярдоо иштери жүргүзүлдү. 

Эми тургундар Абдрахманов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин жаңы тротуар менен баса алышат. 

Биринчи Май районунун аймагындагы Жибек Жолу проспектисиндеги тротуарды оңдоо иштери жакында аяктайт.