Чолпон-Атада Кыргызстан менен Орусиянын башкы прокурорлору Курманкул Зулушев менен Игорь Краснов жолугушту. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн башкы прокурорлору кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты.
Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин жарандарынын, анын ичинде эмгек миграциясында жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесине да токтолушту. Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КР менен РФтин Башкы прокуратурасы ортосунда 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү планына кол коюлду. Мындай пландын алкагында, тараптар 2022-2023-жылдар аралыгында жогоруда аталган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп, кеңейтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүшөт.