Жаңылыктар
Таштанды жыйба, кошунаңды сыйла
Кыргызстан жаңылыктары
Таштанды жыйба, кошунаңды сыйла

Бишкек шаарындагы Байтик-Баатыр көчөсү №13/Б дарегинде жайгашкан жеке турак жайдан таштандылар чыгарылды.

Маалыматта айтылгандай, үйдүн ээси таштандыларды бир нече жылдан бери чогултуп, сактай берген. Өз кезегинде кошуналар адам чыдагыс жытка чыдай албай көптөн бери жергиликтүү администрацияга арызданып келишкен.

Окуя болгон жерге барганда короо тиричилик таштандыларына толуп кеткени аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, бул ишке «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылды. Үй ээсине болсо санитардык нормаларды бузуунун ушул сыяктуу фактыларына мындан ары жол берилбесин деп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.