Жаңылыктар
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү манайында өткөнүн өмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуу 21-26-июлда Баткен шаарында өттү, кийинкиси Тажикстандын аймагында уюштурулмай болду. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.