Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Свердлов районунун аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Карский тилкесинде Артемов көчөсүнөн Заречная көчөсүнө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Фирсов көчөсүндөгү Орто-Токой көчөсүнөн Новострой көчөсүнө чейинки жолду асфальттоо үчүн жол бордюрларын орнотуу жана жер төшөмдөрүн даярдоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинде Үсөнбаев көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тротуарды оңдоо иштери аяктады. Муниципалитеттен белгилешкендей, эми тургундар Абдрахманов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейин жаңы тротуар менен баса алышат. Кошумчалай кетсек, Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында учурда жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.