"Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин ушул жылдын 1-ноябрында аяктоо пландалууда. Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, "Баткен", "Жалал-Абад" аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бир топ жылдан бери жүргүзүлгөн эмес.
"Манас" эл аралык аэропорту ачык акционердик коому кардарларларынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.