Жаңылыктар
Мектеп салалы десек күйдүргү күйгүздү...
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп салалы десек күйдүргү күйгүздү...

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы эки орто мектепте 10 миңден ашык бала үч нөөмөт менен билим алууда. Норма боюнча бул билим уялары 1500 гана окуучуга ылайыкталган. Ал арада жергиликтүү тургундардын бош турган жерге жаңы мектеп куруу демилгесине ветеринардык кызмат “Сибирь жарасынын очогу” жакын жерде жайгашканын жүйө келтирип, уруксат бербей жатат. Бирок, иш жүзүндө коркунучтуу жер деген саркофагдын айланасына эл тыгыз отурукташып жашап жатат.