Бүгүнкү күндө юстиция министрлиги укуктук системаны жаңы деңгээлге чыгарууну баштады. Алсак, бардык мыйзамдар масштабдуу түрдө инвентаризацияланып, “Нотариат тууралуу” мыйзам долбоору камдалып, парламентке биринчи окууга киргизилген. Анда нотариалдык палатаны түзүү, жеке жана мамлекеттик нотариустардын укуктарын, макамын теңдөө каралганын Юстиция министри Аяз Баетов жарым жылда аткарылган иштер боюнча маалымат жыйында белгиледи.