Жаңылыктар
CASA-1000 долбоору алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
CASA-1000 долбоору алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы курулууда

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда 500 кВ электр берүү чубалгысы курулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстанда аталган электр чубалгысы үчүн «Датка» 500 кВ саат көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ сааттык чөнөктөн атайын электр берүү чубалгысы тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусун аралап, Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт. 

Бүгүнкү күндө 1 миң 131 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1 миң 106 тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1005 тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 673 тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 150 бирдик атайын техникалар, машиналар, траспорттук каражаттар жана 329 жумушчу тартылды. Анын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт. Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууну көздөйт. Эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.