Билим берүү жана илим министрлигинин 26-июлдагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялады. Ага жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар, атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар, соттолбогондор, соттун чечими менен педагогикалык ишмердүүлүк кылууга укуктары чектелбегендер катыша алат.
Жалпы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн пландаштыруу формаларын уюштура билгендер, иш кагаздарын жүргүзүп, ички эмгек тартибин жөнгө сала алгандар, эл алдында чыгып сүйлөп, жамаатты башкара билгендер катыша алышат. Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап 10 иш күнү аралыгында керектүү документтерди тапшырышы керек. Ушул тапта өлкө боюнча 2 333 мектеп бар, анын 966сынын директорлугуна конкурс жарыяланды. Республика боюнча окуучулардын саны - 1 млн. 407 миң.