Жаңылыктар
Маанилүү документтерге кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Маанилүү документтерге кол коюлду

Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын Чолпон-Атада өткөн төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган документтер келечекте натыйжалуу жемишин берет. Бул тууралуу белгилеген саясат таануучулар, Президенттердин биргелешкен билдирүүсү, өзгөчө чөлкөмдү өнүктүрүү максатындагы достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишим - кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн ырасташууда. 

Документтердин негизгиси XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишим болду. 

Ага ылайык Борбор Азиядагы өлкөлөр суверендүүлүккө жана аймактык бүтүндүккө коркунуч жаралса бири-бирине колдоо көрсөтөт.

Мындай милдетти азырынча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери алышты. Ал эми, Тажикстан менен Түркмөнстан өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюшары белгиленди. 

Мындан сырткары Борбор Азиянын лидерлери көп тараптуу форматтардын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү концепциясын, “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын, 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын ишке ашыруу мамлекеттерге кыйынчылык деле жаратпайт. Болгону өлкөлөрдүн өкмөттөрү тиешелүү чечимдерди, пландарды кабыл алып, алга жыла берсе эч кандай маселе жаралбай турганын айтышууда эксперттер.