Жаңылыктар
Жөлөк пулдун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жөлөк пулдун  өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү

2022-жылдын 1-июнунан баштап үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, 1-январдан баштап аз камсыз болгон жөлөк пул алуучулар дээрлик 40% чейин электр жарыгына жеңилдик алышты. Мындай жардамды республика боюнча азыр 100 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө алып жатат.