Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 230-чакырымындагы Итагар тилкесинде, 24-июль күнү 10 жаштагы бала Чычкан суусуна агып кеткен.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жеринен издөө иштерин жүргүзүүгө тогуз куткаруучу, жети милиция кызматкери тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарышкан. Сөөк милиция кызматына өткөрүлүп берилди.