Жаңылыктар
Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда бугүн, таңкы саат 05:54тө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында 3 балл, Өрнөк, Конорчок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.