Жаңылыктар
Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды. 

Шырдак жасоо ишине кол өнөрчүлөрдүн «Алтын кол-Нарын» коомдук бирикмесинин демилгеси менен облустук аймагындагы 70 уз-чебер тартылган. 

Фестивалдын негизги максаты - кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болгон. 

Касиеттүү Соң-Көлдө өткөн «Эң узун шырдак - Нарында» аттуу фестиваль маданиятты даңазалаган иш-чаралар жана ат оюндары менен коштолду.