Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал өлкөнүн укук коргоо органдары текшерүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын эскертти.
Дипломатиялык мекеме тараткан билдирүүсүндө кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоого жана ал өлкөдө жүрүү укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүгө чакырган. “Элчилик чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Бул маалымат мекендештерибизди адаштырып, тынчсыздандырып жатат”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.