Жаңылыктар
Сандан сапатка умтулган жогорку окуу жайлар, айрымдарына берилген өзгөчө макам
Кыргызстан жаңылыктары
Сандан сапатка умтулган жогорку окуу жайлар, айрымдарына берилген өзгөчө макам

Сандан сапатка умтулган жогорку окуу жайлар, айрымдарына берилген өзгөчө макам. Узаган аптада президент кол койгон жарлыкка ылайык Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилди.

Ага ылайык аталган окуу жайларга академиялык, каржылык жана административдик эркиндик берилип жатат. Административдик дегенде окуу жайдын жетекчилиги өзүнүн штаттык түзүмдөрүн жана бирдиктерин бекитүүдө, алардын айлык маянасын аныктоодо жана окуу жайдын алдындагы мекеме же институттарды ачууда эркин болушат. Ал эми академиялык эркиндикке ылайык окуу жай билим берүү программасын жана окута турган адистиктерин өздөрү аныктай алышат. Үчүнчүсү каржылык эркиндик.

Окуу жайларга мындай эркиндик берилгени аларга болгон көзөмөл жок дегенди билдирбейт. Тескерисинче мурда формалдуу же аты бар заты жок болгон камкорчулар кеңеши деген инстутут реалдуу иштей баштайт жана көзөмөлдү ошолор жүргүзөт. Айрыкча каржылык көзөмөл ушул институтта болот.

Президенттин жарлыгынын дагы бир көңүл бура турган жери айрым окуу жайлар кошула турган болууда. Алсак, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине илимий-изилдөө университети деген макам берип, ага Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, Бишкек финансылык-экономикалык техникумун кошуу, Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин кошуу, Ош мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик юридикалык институтун кошуу жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу каралууда. Бул өз кезегинде сандан сапатка өтүүнү шарттайт. 

Ушу тапта Кыргызстанда жетимиштен ашык жогорку окуу жай бар.