Узаган аптада каржы министрлиги менен экономика жана коммерция министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти.
18-28-июль күндөрү аралыгында бардык мамлекеттик мекемелер массалык маалымат каражаттарына үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки кварталында аткарылган иштер, алдыдагы план максаттары тууралуу билдирип турушмакчы.
Казынага түшкөн мынча каражат кайда жумшалары албетте ар бирибизди кызыктырат. Министрдин айтымында ушундай өсүштүн эсебинен 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы орточо эсеп менен 50%га көтөрүлгөнү турат. Алардын саны 58 миңге жакын. Андан тышкары калкты турак жай менен камсыздоо максатында мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталын жыл аягына чейин 12 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында анын капиталы 7,5 млрд сомду түздү. Былтыр болсо, жыл ичинде 5,7 млрд сом болгон. Андан тышкары пенсиянын базалык бөлүгү да 50 пайызга көбөйө турганы айтылды. Буга чейин үч этап менен жөлөк пулдар да жогорулаган.
Экономика өссүн, казына толсун десек завод фабрикалар курулуп, өндүрүш жанданып, жумуш орундары түзүлүшү зарыл. Ансыз өнүгүү тууралуу кеп кылганга болбойт. Андыктан жыл аягына чейин 14 миң жаңы жумуш орундары түзүлөрү болжолдонууда. Ушу тапта өлкөдө 10 ири өндүрүш объектиси ачылуу стадиясында турат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында оюн-зоок жайлары ачылгандан кийин алгачкы мезгилде 5 миңден ашык жумуш орундары түзүлүшү мүмкүн.