Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйылкы жылдын алты айындагы жетишкендиктерин санап, алдыда аткара турган маанилүү милдеттеринин планын бекитти. Жыйында негизги ийгилик катары муктаж адамдарга берилчү жөлөк пулдардын көбөйгөнү айтылды.